26 декабрь 2024
Кароолор: 31
Нарында облус башчынын балаты майрамы өттү

Майрамдык иш чара Нарын шаарындагы М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында уюштурулду.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн балаты майрамына облус аймагынан окууда, спортто ийгиликке жетишкен, ошондой эле аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн, томолой жетим жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 260 бала катышты.
Салтанатка катышкан КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу облус башчынын атынан балдарды келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, белектерди тапшырды.
Балдар үчүн жаңы жылдык майрамды уюштурууга КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан жалпы 570 миң сом бөлүндү.
Мындан сырткары, жер-жерлерде балаты майрамы өтүп жатат. Жергиликтүү бийликтердин резервдик фонддорунан жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен облус боюнча жалпы 3000 ашык белек даярдалып, балдарга берилип жатат.