15 февраль 2025
Кароолор: 30
НАРЫНДА ОБЛУС БАШЧЫСЫНЫН ХОККЕЙ ОЮНУ БОЮНЧА ӨТМӨ КУБОГУНА АРНАЛГАН АЛГАЧКЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК АЧЫК МЕЛДЕШИ ӨТҮП ЖАТАТ

Бүгүн, 2025-жылдын 15-февралында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн хоккей оюну боюнча өтмө кубогуна арналган алгачкы республикалык ачык мелдеши башталды.
Мелдеш 15-16-февраль күндөрү Нарын шаарындагы Т.Токтосунов атындагы муз аянтында өтөт.
Мелдештин ачылыш аземинде КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Нарын жергеси республиканын хоккей мекени деп эсептелерин айтып, кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө ыңгайлуу экенин билдирди. Балдарды көбүрөөк спортко тартып, жаман иштерге алектендирбей, ден соолуктарын чындоого далалат кылып жаткандыгын билдирди. Бул өтмө кубокту жыл сайын өткөрүү пландалууда.
“Жакында Кытайда, Харбинде өткөн Азия оюндарында Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы 14 команданын ичинен 7 орунду камсыздады. Демек, бул спорттун түрүн дагы өркүндөтүшүбүз керек деген ойдомун. Нарын облусунан дагы оюнчулар Кыргызстан курама командасынын катарында өлкөнүн намысын коргоп, туубузду бийик көтөрүп келгени кубандырат”,-деди облус башчы.
Мелдештин шарты боюнча 17 жаштан жогорку жаш курактагы оюнчулардан куралган 8 команда катышууда. Алар:
1.Миң-Куш (Жумгал району),
2.Байзак баатыр (Жумгал району),
3.Нарын шумкарлары (Нарын шаары),
4.Ардагер шумкарлары (Нарын шаары),
5.Шортон-Чаек (Жумгал району),
6.Долон (Ысык-Көл облусу),
7.Кыргыз темир жолу (Бишкек шаары),
8.Ысык-Көл-Ат-Башы курама командасы
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан мелдештин байгесине 1-орунга – 100 миң сом, 2-орунга – 60 миң сом, 3-орунга – 40 миң сом, 4-орунга – 20 миң сом акча каражаты берилет.