22 декабрь 2023

Кароолор: 288

Нарында облус жетекчисинин балаты майрамы өткөрүлдү

Бүгүн, 22-декабрда Нарын облустук М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовдун бөбөктөргө арналган балаты майрамы өткөрүлдү.

Майрамдык иш чарага Нарын шаарынан жана Нарын районунан 200 бала катышты.

Облус жетекчиси бөбөктөргө жаңы жылдык каалоо-тилегин арнап, терең билим алууга, мыкты инсан болууга үндөдү.

“Мен силерге ата катары, ага катары балалык күндөрүңөрдүн ар бир күнүн пайдалуу нерселерге жумшап, жакшы пайдалангыла деп кеңеш бергим келет. Силерге бир гана окугула деген талап бар. Ар бириңер азыртан “Келечекте ким болом?” деген суроону өзүңөргө коюп, ким болооруңарды элестетип, ошол максатыңарга жетүү үчүн бүгүнкү күндөн баштап аракет кыла башташыңар керек. Ийгиликке жетүүнүн жолу билим алуу жана талбаган аракет деп билем. Убактыңар бар кезде терең билим алууга, китеп окууга, колдон келсе көп тилдерди үйрөнүүгө аракет кылууңар зарыл. Силердин араңарда биздин мамлекетибиздин келечектеги башкаруучулары, илимпоздору, дипломаттары, дарыгерлери, спортчулары, кыскасы келечегибизди түптөй турган мыкты инсандары олтурат. Биз силерден көп жакшы нерселерди үмүт кылабыз”,-деген тилегин билдирүү менен облус жетекчиси балаты майрамынын ар бир катышуучусуна бекем ден соолук, узун өмүр, окуудагы чоң-чоң ийгиликтерди жана бактылуу келечек каалады.

Балаты майрамы “Щелкунчик” аталышындагы балет жомогу менен коштолду.

Соңунда бөбөктөргө ыйгарым укуктуу өкүлдун жаңы жылдык белектери тапшырылды.

Белгилей кетсек, быйылкы жылы 800 балага ыйгарым укуктуу өкүл Алтынбек Эргешовдун жаңы жылдык белектери даярдалды.

Облус жетекчисинин балаты майрамдары ар бир райондо жеринде өткөрүлмөкчү.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.