27 апрель 2025

Кароолор: 14

НАРЫНДА ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ЭМГЕК УКУКТАРЫ БОЮНЧА ОКУТУУЧУ ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

2025-жылдын 25-апрелинде Нарын шаарындагы В.Чкалов атындагы орто мектепте 9–11-класстардын окуучулары үчүн өспүрүмдөрдүн эмгек укуктарына арналган маалыматтык-окутуучу семинар болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Секретариаты, Кыргызстандын Кесиптик бирликтер федерациясы жана башка өнөктөштөр тарабынан уюштурулду.

Семинар интерактивдүү диалог форматында өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева, ФСПК төрагасы Мурадил Джумадилде уулу, ошондой эле КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров катышты. Алар окуучулар менен ачык маек куруп, эмгек укуктары, коопсуз иш шарттары жана зомбулуктан коргонуу механизмдери тууралуу кеңири маалымат беришти.

Иш-чаранын алкагында окуучулар жаңы Эмгек кодекси жана Эл аралык эмгек уюмунун №190 Конвенциясы тууралуу билимин кеңейтип, өз укуктарын таанып-билүү жана коргоо боюнча пайдалуу маалыматтарга ээ болушту. Бул семинар өспүрүмдөрдүн укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана аларды адилеттүү эмгек шарттарында иштөөгө даярдоо багытындагы маанилүү кадамдардын бири болуп калды.

Иш-чара Кыргызстан боюнча өтүп жаткан масштабдуу маалыматтык-билим берүү кампаниясынын алкагында уюштурулду жана жаштардын укуктарын коргоо аркылуу коомдогу социалдык туруктуулукту бекемдөөгө багытталган.