17 март 2025
Кароолор: 45
НАРЫНДА ПРЕДМЕТТИК ОЛИМПИАДАНЫН ОБЛУСТУК ТУРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
2024-2025-окуу жылынын предметтик олимпиадасынын облустук туруна 162 окуучу катышты. Ак-Талаа районунан 25 окуучу, Ат-Башы районунан – 24, Жумгал районунан 30, Кочкор районунан – 26, Нарын районунан – 18, Нарын шаарынан – 26, М.Субакожоев лицейинен – 12, Билимканадан 1 окуучу райондук турдан өтүп келишкен.
Олимпиада базалык 12 предмет (математика, англис тили, информатика, физика, химия, биология, география, тарых, кыргыз тили предмети кыргыз тилинде окутулган класстар үчүн, кыргыз тили орус тилинде окутулган класстар үчүн, орус тили орус тилинде окутулган класстар үчүн, орус тили кыргыз тилинде окутулган класстар үчүн) жана профилдик 5 предмет (англис тили, математика, физика, химия, биология) боюнча өттү.
Предметтик олимпиада көз карандысыз “Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору” тарабынан бааланды.
Жыйынтыгында 1-2-орун алган 35 окуучу Нарын облусунан апрель айында өтүүчү республикалык олимпиадага катышууга жолдомо алышты.
Ал эми 1-2-3-орун камсыздаган окуучулардын саны боюнча Кочкор району 1-орунда (14 байгелүү орун), 2-орунда М.Субакожоев атындагы лицей (12), 3-орунда Ат-Башы району (9), 4- орунда Ак-Талаа району (6), 5-орунда Нарын шаары (6), 6-орунда Нарын району (3), Жумгал району (2) болду.
Эске салсак, 2023-2024-окуу жылында 156 окуучу катышып 45 байгелүү орунга ээ болгон (Ак-Талаа району - 6, Ат-Башы району - 10, Жумгал району - 3, Кочкор району - 10, Нарын району - 3, Нарын шаары - 5, М. Субагожоев атындагы лицей - 7, “Билимкана-Нарын” – 1 окуучу).
Өткөн окуу жылында Нарын облусу республикалык олимпиаданын жыйынтыгы менен облустар арасында 1-орунду, ал эми республика боюнча 3- орунду камсыздаган.