25 декабрь 2023

Кароолор: 367

Нарында Президент берген 270 миллион сомго айыл өкмөттөрүнө техникалар алынууда

Нарын облусундагы 27 ирилештирилген айыл өкмөтүн колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан Нива үлгүсүндөгү автоунаалар жана ар бир айыл өкмөткө өнүктүрүү үчүн 10 миллион сомдон каражат берилген. Учурда ушул каражатка айыл өкмөттөрүнө зарыл болгон техникалар алынууда.

Алсак, бүгүнкү күнгө чейин Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнө 1 погрузчик, 1 самосвал КАМАЗ, Жан-Булак айыл өкмөтүнө 1 погрузчик, 1 трактор, 1 силос жыйноочу техника, Миң-Булак айыл өкмөтүнө темир тор түйүүчү, токуучу, зым кесүүчү, престөөчү, зым керүүчү жана жүк көтөрүүчү техникалар жана 1 трансформатор алынды.

Башка айыл өкмөттөргө дагы зарыл болгон техникаларды алып келүү иштери жүрүп жатат.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.