15 ноябрь 2024

Кароолор: 27

Нарында Президенттин катышуусу менен 2 социалдык обьект пайдаланууга берилди

 15-ноябрда КР Президенти С.Н.Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын облусунда 2 социалдык обьект ишке берилди.

Алар: Нарын шаарындагы №9-А.Садыков атындагы 375 орундуу орто мектептин жана Ат-Башы районунун Өзгөрүш айылындагы С.Райымбеков атындагы орто мектептин спорт залынын жаңы имараттары.

Нарын шаарынын Батыш чөлкөмүндөгү А.Садыков атындагы орто мектептин эски имараты союз мезгилинде дүкөн катары салынып, 1992-жылы билим очогу катары пайдаланууга берилген. Класстык бөлмөлөр жетишсиз болгондуктан жогорку класстын окуучулары эки, ал эми башталгыч класстын окуучулары үч смен менен окуп, спорт зал, жыйындар зал жок болгондуктан жайы-кышы дебей окуучуларга дене тарбия сабагы сыртта өтүп келген.

Шаар тургундарынын көптөн күткөн тилеги ишке ашып, 2022-жылы жаңы мектептин курулушу башталып, 141 миллион 752 миң сомго бардык заманбап шарттары менен 2 кабаттуу 375 орундуу мектеп имараты ишке берилди.

Ал эми Ат-Башы районунун Өзгөрүш айылындагы С.Райымбеков атындагы орто мектепте спорт залдын жоктугу көптөн бери көйгөй болуп келген. Спорт залдын курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттен 62 миллион сомго бардык шарты менен заманбап спорт зал курулуп бүттү.

Быйылкы жылы Президентибиздин Жарлыгынын алкагында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 обьектини ишке берүү тапшырмасы коюлган. Нарын облусунда 31-августта 10 обьект, 14-октябрда 3 обьект, бүгүнкү 2 обьект менен жалпы 15 обьект пайдаланууга берилди.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.