06 ноябрь 2024

Кароолор: 25

Нарында прокуратура кызматкерлери үчүн административдик имараттардын курулушу башталды

 6-ноябрда Нарын шаарында Нарын облустук, шаардык жана райондук прокуратура органдарынын административдик имараттарынын курулушу башталып, мезгил кутучасын салуу аземи өткөрүлдү.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Максат Асаналиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын облусунун прокурору Абдирашит Кубатидинов жана Нарын облустук, шаардык, райондук прокуратура кызматкерлери, ардагерлери, жергиликтүү бийлик органдарынын жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Мезгил кутусун салуу аземинде Башкы прокурор Максат Асаналиев прокуратура кызматкерлерин алдыдагы 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, мамлекеттин укуктук тутумун чындоо, элдин ишенимин кайтаруу, өлкө аймагында мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча өзүнүн конституциялык милдеттерин кынтыксыз аткаруу талабын коюп, мындан ары кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга, социалдык жактан коргоого көңүл бурулаарын билдирди.

Иш чарага катышкан Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов прокуратура кызматкерлери үчүн курулуп жаткан административдик имараттар биринчиден кызматкерлерибиздин сапаттуу иш алып баруусуна шарт түзсө, экинчиден шаарыбыздын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн маанилүү саамалык экенин баса белгилеп, прокуратура органдарынын райондук бөлүмдөрүнө дагы заманбап имараттар зарылдыгын айтты.

Нарын шаарынын В.И.Ленин жана А.Молдоев көчөсүндө курула турган имараттар 2 кабаттан туруп, кызматкерлер жана жарандар үчүн бардык шарттар түзүлүп, зарыл болгон заманбап жабдуулар менен камсыздалмакчы.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.