03 октябрь 2025
Кароолор: 6
НАРЫНДА РЕГИОНАЛДЫК ИНВЕСТИЦИЯЛЫК КЕҢЕШТИН АЛГАЧКЫ ОТУРУМУ БОЛУП ӨТТҮ

30-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө караштуу Регионалдык Инвестициялык Кеңештин 1-отуруму болуп өттү.
Иш-чарага облус башчысынын биринчи орун басары Руслан Сапарбеков, инвестициялык кеңештин координатору Абду-Салам Тайиров, тиешелүү кызмат өкүлдөрү жана ишкерлер катышты.
Отурумдун негизги максаты — Регионалдык инвестициялык кеңештин аянтчасы аркылуу мамлекеттик жана жеке секторлор ортосунда натыйжалуу өнөктөштүк диалогун орнотуу, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрү боюнча ишкерлердин маалымдуулугун жогорулатуу аркылуу региондун экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү болуп саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө инвестиция тартуунун жолдору, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдери жана жергиликтүү деңгээлдеги экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Эске салып өтсөк, мындай отурумдар катышуучулардын суранычы менен облустун бардык райондорунда квартал сайын өткөрүлмөкчү.