04 ноябрь 2024

Кароолор: 16

Нарында салынып жаткан ипотекалык үйдүн курулушу УКМКнын төрагасынын көзөмөлүндө

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 4-ноябрда Теңир Тоо жергесине болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык турак жайдын курулуш ишин жеринде көрдү.

Курулуштун жай жүрүп жатканынын себебин курулуш компаниясы Нарында бир эле бетон завод болгондугуна байланыштырды.

К.Ташиев маселени чечүүнү облус жетекчисине тапшырып, ал эми үйлөрдүн курулушун 2025-жылдын күз айларында бүткөрүүнү курулуш компаниясына милдеттендирди. Курулуш ишин өзү көзөмөлгө алаарын билдирди.

“Нарын – Реновация” долбоорунун алкагында Нарын шаарында курулуп жаткан 9 кабаттуу, 4 блок, 216 батирлүү ипотекалык турак үйдүн жалпы сметалык баасы 747 миллион сомду түзүп, каражат “Тенир Тоо” өнүктүрүү фондунан каржыланат. Курулуш ушул жылдын апрель айында башталган. Учурда төрт блок үйдүн пайдубалы толук бүтүп, экинчи кабаты салынып жатат.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.