17 ноябрь 2024
Кароолор: 35
Нарында шайлоочулардын 31 пайызы шайлоого катышты

17-ноябрда Нарын облусунда 169 шайлоо тилкесинде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп, саат 20.00до бардык шайлоо тилкелеринде добуш берүү токтоп, участоктор жабылды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 221100 шайлоочунун 68 429у өз тандоолорун жасады. Бул жалпы шайлоочулардын 31 пайызын түздү.
Райондор боюнча алсак,
Ак-Талаа районундагы 25 712 шайлоочунун 7 868 же жалпы шайлоочулардын 31 пайызы;
Ат-Башы районундагы 42521 шайлоочунун 13 190у же жалпы шайлоочулардын 31 пайызы;
Кочкор районундагы 50 444 шайлоочунун 15966сы, же жалпы шайлоочулардын 32 пайызы;
Жумгал районундагы 34155 шайлоочунун 10191и, же жалпы шайлоочунун 30 пайызы;
Нарын шаарындагы 33 480 шайлоочунун 9965и, же жалпы шайлоочулардын 30 пайызы;
Нарын районундагы 34 657 шайлоочунун 11249у, же жалпы шайлоочунун 32 пайызы добуш беришти.
Ал эми аралыктан добуш берүүгө арыз берген 111 шайлоочунун 50сү добуш берүүгө катышып, 45,5 пайызды түзгөн.
Маалымат үчүн белгилесек, Нарын шаардык кеңешине 31 орун үчүн 6 саясий партиядан 169, 27 айылдык кеңештеги 527 орунга 932 талапкер ат салышты.
Аймактарда шайлоо өнөктүгү тынч өттү. Арыз-даттанулар жана кайрылуулар болгон жок.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.