17 октябрь 2025

Кароолор: 83

НАРЫНДА ТАБЫЛДЫ АКТАНОВДУН 75 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА РЕСПУБЛИКАЛЫК АЙТЫШ БОЛУП ӨТТҮ

Бүгүн, 17-октябрда көп кырдуу талант, Кыргыз Республикасынын эл артисти Табылды Актановдун 75 жылдыгына карата уюштурулган республикалык төкмө акындардын айтышынын финалы болуп өттү.

Айтышка ыйгарым укуктуу өкүл Нурбек Сатаров катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөп, Табылды Актановго “Турдакун Усубалиев” атындагы төш белгисин тапшырып жана бир нече ак таңдай акындарды Ардак грамота менен сыйлады.