09 апрель 2025

Кароолор: 20

НАРЫНДА ТАЯК ТАРТЫШ БОЮНЧА ОБЛУС БАШЧЫСЫНЫН КУБОГУНА АРНАЛГАН МЕЛДЕШ ӨТҮП ЖАТАТ

Бүгүн, 2025-жылдын 9-апрелинде, Нарын шаарындагы Газпром спорттук комплексинде спорттун таяк тартыш түрү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Кубогу өтүп жатат. 

Иш-чаранын ачылыш аземинде КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Мамбетова облус башчысы Алтынбек Эргешов тарабынан билим берүү тармагы менен катар калктын ден соолугун чыңдоого жана спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Буга чейин кышкы жана жайкы мезгилде өткөрүлүүчү спорттун түрлөрү боюнча  облус башчысынын Кубогу өткөрүлүп келе жатат. Ал эми бүгүнкү таяк тартыш боюнча алдыдагы республикалык мелдешке барчу спортчуларга ийгиликтерди каалады.

Облуста 3-ирет өтүп жаткан таяк тартыш боюнча мелдеш 15 жаштан өйдө  курактагы эркек,  кыз-келиндер арасында өткөрүлүүдө. Облустук тандоо туруна ар бир райондон, Нарын шаарынан жалпы 150 спортчу катышты. Салмак чени 55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг боюнча жүргүзүлүүдө.

Мелдештин жыйынтыгы менен Нарын облусунун курама командасы түптөлүп, спортчулар ушул жылдын 11-апрелинде өтүүчү республикалык чемпионатка катышат.

Нарын облустук спорт башкармалыгынын башкы адиси Кубан Токторалиевдин маалыматы боюнча быйыл катышучулардын саны жылдагыдан эки эсе көп. Жалпы байге фонду 100 миң сомду түзүп, мелдештин катышуучуларын колдоо максатында КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовдун резервдик фондунан 70 миң сом бөлүндү. Ал эми диплом, медаль, кубок Нарын облустук спорт башкармалыгы тарабынан даярдалды.