27 март 2026
Кароолор: 11
НАРЫНДА ТЕАТР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

27-март күнү М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театрында Театр күнү белгиленди.
Майрамдык иш-чара ачык асман алдында өтүп, шаар тургундары үчүн концерттик программа тартууланды. Театр сүйүүчүлөрүнө арналган иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, маданий эс алууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Иш-чарага өмүрүн театр искусствосуна арнаган жана учурда ардактуу эс алуудагы маданият кызматкерлери конок катары чакырылган.
Мындан тышкары, маданият тармагына салым кошкон бир катар кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Ардак грамоталары тапшырылды.