06 февраль 2024
Кароолор: 317
Нарында тоют коопсуздугун алдын алуу максатында тоют кору даярдалууда

Нарында КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен кыш мезгилинин малчыларга тийгизген таасирин азайтуу, малдын тоют коопсуздугун алдын алуу максатында тоют кору даярдалууда.
Бүл боюнча бүгүн, 6-февралда КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана ӨКМдин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Программанын өкүлдөрү билдиргендей, долбоор аркылуу быйыл пилоттук негизде Чүй облусунан 118 тонна чөп жана 114 тонна жем сатып алынып, Нарын жана Ат-Башы райондоруна жеткирилет. Тоют кору атайын даярдалган кампаларда сакталып, Өзгөчө кырдаалдардын шартында пайдаланылат.
Жолугушууда облус жетекчиси Алтынбек Эргешов программанын өкүлдөрүнө долбоор үчүн терең ыраазычылык билдирди. Ошол эле учурда кийинки жылдары даяр тоют бергендин ордуна ошол каражатты тоютту эгип, өстүрүүгө жумшасак көбүрөөк көлөмдөгү тоют топтолот эле деген пикирин билдирип, бул жагын эске алууларын айтты.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.