16 апрель 2026

Кароолор: 12

НАРЫНДА ТУРИЗМДИ ӨНҮКТҮРҮҮ БАГЫТЫНДАГЫ ИШ-ЧАРАЛАР УЛАНУУДА

Нарын облусунда май майрамдарына карата 4–7-май күндөрү өтө турган велотурга даярдык иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Иш-чараны жогорку деңгээлде уюштуруу максатында маршруттар жана негизги локациялар аныкталып, тиешелүү пландоо иштери аткарылды.

Облус башчысы даярдык иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышып чыгып, жооптуу кызматтарга бир катар тапшырмаларды берди. Атап айтканда, коопсуздукту камсыздоо, катышуучулар үчүн бардык шарттарды түзүү, жол инфраструктурасын жакшыртуу жана уюштуруу иштерин сапаттуу өткөрүү боюнча милдеттер белгиленди.

Белгилей кетсек, аймакта туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар ырааттуу улантылып, Нарын облусунун туристтик потенциалын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда.