11 август 2025

Кароолор: 19

НАРЫНДА УЛУТТУК КООПСУЗДУК БОЮНЧА ОКУУЛАР ӨТҮҮДӨ

Бүгүн, 11-августта Нарын шаарында улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча квалификацияны жогорулатуу курстары башталды. Иш-чарага ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Руслан Сапарбеков жана Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы – Коргоо министринин биринчи орун басары, полковник Кумарбек Калматаев катышты.

Өлкөнүн бардык аймактарынан келген райондук мамлекеттик администрация башчылары жана шаар мэрлеринен 60тан ашык жетекчи аймактык коргонуу, мобилизациялык даярдык жана улуттук коопсуздук багытында теориялык жана практикалык сабактарды өтүшөт. Курстар чөлкөмдөрдүн коопсуздук тутумун чыңдоого жана жетекчилердин даярдыгын арттырууга багытталган.