09 май 2026
Кароолор: 5
НАРЫНДА УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШТУН 1 ЖАНА ООРУКТУН 7 АРДАГЕРИ БАР

Бүгүн, Ат-Башы районунда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Майрамдык митинг-реквиемге облус башчысы, район жетекчилери, согуштун ардагери Сатынды Жапаров, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү жана район тургундар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Улуу Жеңиш үчүн курман болгон жоокерлердин элеси эскерилип, эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, куран окулду. Катышуучулар согуш каармандарынын эрдигине таазим этишти.
Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө ардагерлердин каармандыгы бүгүнкү тынч жашоонун негизин түзгөнүн белгилеп, согуштун ардагери Сатынды Жапаровго терең ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан 200 миң сом өлчөмүндөгү бир жолку материалдык жардамын тапшырды.
Маалымат үчүн айтып өтсөк, Нарын облусунда 1 согуштун жана ооруктун 7 ардагери бар. Дал ушул жападан жалгыз ардагер Сатынды Жапаров учурда Ат-Башы районунда жашайт. Ал 1926-жылы Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында төрөлгөн. 1944-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Ленинград багытындагы аскердик операцияларга катышкан. Согуштан кийин эмгек жолун улантып, узак жылдар бою Ат-Башы районундагы сүт кабыл алуу тармагында эмгектенген.