09 май 2025
Кароолор: 51
НАРЫНДА УЛУУ ЖЕҢИШ КҮНҮ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн, 2025-жылдын 9-майында, Нарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү.
Алгач эскерүү аземи Тянь-Шань паркындагы мемориалга гүлчамбар коюу, бир мүнөттүк эскерүү жана курман болгондорго багышталган куран окуу менен башталды. Андан кийин “Өлбөс полк” жүрүшү уюштурулуп, шаар тургундары согушка катышкан ата-бабаларынын сүрөттөрүн көтөрүп борбордук аянтка чейин жүрүштү.
Аянтта өткөн аскердик-техникалык парадды Нарын гарнизонунун командири, подполковник Кыялбек Козубеков ачып, парадга даярдык тууралуу Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаровго рапорт берди. Парадда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.
Аянтта өткөн салтанатта А. Сапаров Улуу Же, нарындыктардын Улуу Жеңишке кошкон салымы зор экенин белгиледи. Ал өз сөзүндө Нарынан чакырылган жоокерлер согуштун дээрлик бардык фронтторунда эрдик көрсөткөнүн, Панфиловчулар — Жаңыбаев, Кадыров, Садабаев, Мамбетов жана Токтомушевдин ысымдары эл арасында кеңири таанылганын эске салды. Ошондой эле, Дайыр Асанов 1943-жылы, Анварбек Чортеков 1944-жылы Советтер Союзунун Баатыры наамын алышканын, ал эми М. А. Аубакиров, Н. Байтурсунов жана У. Бейшеев "Даңк" орденинин толук кавалерлери болгонун айтты.
Согуш жылдарында Нарын облусуна 1826 адам эвакуацияланып, алардын ар бирине турак жай жана жумуш орундар берилген. Жалпысынан 18 146 нарындык жоокер аскердик кызмат өтөп, алардын ичинен 8919у курман болуп же дайынсыз жоголгон. Ал эми согуштан кайтып келген 7130 жоокер согуштан кийинки коомдун өнүгүшүнө чоң салым кошкон.
Иш-чара патриоттук концерттик программа менен улантылып, майрамдык маанай тартууланды. Ошондой эле, согуш жылдарындагы архивдик каттар, документтер, ошол мезгилдеги гезит беттери, ошондой эле мектеп окуучуларынын согуш учурун чагылдырган сүрөттөрүнөн турган көргөзмө уюштурулду.