09 май 2024
Кароолор: 321
Нарында Улуу Жеңиш майрамы эскерүү митинги менен белгиленди

9-май - Улуу Жеңиш майрамы Нарын облусунун бардык аймактарында эскерүү иш чаралары менен белгиленди.
Нарын шаарында өткөрүлгөн эскерүү митингине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, аскер кызматкерлери, Нарын шаарынын коомчулугу катышты.
Иш чарада Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калган жоокерлерге жана арабыздан көзү өткөн согуш ардагерлерине Куран окулуп, эстелигине гүлчамбарлар коюлду.
КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов иш чарада КР Президенти Садыр Жапаровдун куттуктоосун элге жеткирди. Ошондой эле өз сөзүндө акыркы жылдары мамлекетибизде, анын ичинде Нарын облусунда болуп жаткан өзгөрүүлөрдү, жакшы саамалыктарды белгилеп, ийгилик каалады.
Эскерүү иш чарасында облус жетекчиси Алтынбек Эргешов аталардын төгүлгөн каны, энелердин көз жашы менен келген Улуу Жениш майрамынын маанисин кийинки муунга жеткирүү биздин милдетибиз экендигин белгилеп, бир кезде согуштан кайтып келген 8 миңден ашык согуш ардагерлеринен 2 гана ардагерибиз калганын айтып, аларга ден соолук, дөөлөттүү карылык каалады.
Ошондой эле аталар баскан из менен кыргыз-тажик чек арасында курман болгон Теңир Тоонун баатыр уулдарын эскерип, өлкөбүздө ар дайым тынчтык болуп, асманыбыз ачык болушун тилеп кылды.
Нарын облусунан 19237 адам согушка аттанып, 8104 жоокер гана аман кайткан. Ал эми 11133 адам согуштан кайткан эмес.
Тилекке каршы ардагерлерибиздин катары суюлуп олтуруп, бүгүнкү күндө согуштан кайткан 8 миңден ашык ардагерлерибиздин экөө гана арабызда бар. Алар Ат-Башы районунун тургундары Керимкулов Тапа жана Жапаров Сатынды аталарыбыз. Ал эми миңдеген оорук ардагерлеринен 12 гана адам калды.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.