01 март 2026
Кароолор: 11
НАРЫНДА ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛДҮН КУБОГУНА АРНАЛГАН ХОККЕЙ БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК МЕЛДЕШ ӨТТҮ

1-март күнү 3 күнгө созулган Нарын шаарында ыйгарым укуктуу өкүлдүн кубогуна арналган хоккей боюнча республикалык мелдештин финалдык оюндары болуп өттү.
Спорттук иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов жана облус башчысы Нурбек Сатаров катышты.
Мелдешке жалпы 14 команда катышып, жыйынтыгында төмөнкүдөй орундарды камсыз кылышты:
ЮНИОР КАТЕГОРИЯСЫ БОЮНЧА:
• 1-орун — “Алга” командасы
• 2-орун — “Нарын Шумкары” командасы
• 3-орун — “Алга Юниор” командасы
• 4-орун — “Локомотив” (Бишкек) командасы
ЧОҢДОР (ВЗРОСЛЫЙ) КАТЕГОРИЯСЫ БОЮНЧА:
• 1-орун — “Локомотив” (Бишкек) командасы
• 2-орун — “Нарын Шумкары” командасы
• 3-орун — “Миң-Куш” (Жумгал) командасы
• 4-орун — “Алга” (Бишкек) командасы
Жеңүүчүлөргө жана байгелүү орун алгандарга өкүлдүн акчалай сыйлыктары, тиешелүү даражадагы дипломдору жана медалдары тапшырылды.