31 декабрь 2023

Кароолор: 304

Нарында Жаңы жыл майрамы шаңдуу майрамдык иш чара менен өтүп жатат

 

Бүгүн, 31-декабрда Нарын шаарында облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен жаңы жылдык майрамдык иш чара уюштурулду.

Шаардагы троллейбустарда жүргүнчүлөргө Нарын шаарынын жана Нарын районунун жетекчилиги менен уюштурулган жаңы жылдык каармандардын катышуусундагы майрамдык оюн-зоок болду.

Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов эл менен троллейбустарга түшүп, жаңы жылдык куттуктоосун арнады.

Кечкисин борбордук аянтта шаңдуу маанайдагы концерттик программа уюштурулуп, шаар тургундарына жана меймандарына майрамдык маанай тартууланды.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.