02 февраль 2025
Кароолор: 30
НАРЫНДА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨНДҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ КОЛДОО МАКСАТЫНДА ЖАРМАНКЕ УЮШТУРУЛДУ

Бүгүн, 2-февралда, Нарын облусунун ар бир районунда азык-түлүк жарманкеси өттү.
Иш-чара Нарын шаарынын борбордук аянтында, Ак-Талаа районунун Баетов айылынын борбордук аянтында, Ат-Башы районунун Дордой мал базарында, Кочкор районунун Кочкор айылынын борбордук аянтында, Жумгал районунун Чаек айылынын борбордук аянтында өткөрүлдү. жергиликтүү өндүрүүчүлөр түрдүү эт азыктарын, сүт азыктарын, жер-жемиштерин, жашылчаларын жана башка товарлардын кеңири ассортиментин сунуштады. Жарманке азык-түлүк чыгарган жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү, ишкерлерди колдоо максатында уюштурулду.