10 ноябрь 2023
Кароолор: 473
Нарында жол коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды

Бүгүн, 10-ноябрда КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө кеңешме өткөрүлүп, анда Нарын облусунун аймагында жол коопсуздугун камсыздоо, автоунаа кырсыктарын алдын алуу, кыш мезгилине карата даярдыктарды кѳрүү маселелери талкууланды.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Манасбек Сыдыгалиев, ошондой эле райондордун акимдери, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол тейлөө жана башка тиешелүү мекемелердин жетекчилери катышты.
Кеңешмеде облустун аймагында болуп жаткан автоунаа кырсыктарынын себептери, аларды алдын алуу, адам ѳлүмүнѳ жол бербѳѳ жана жол кыймылынын катышуучуларына жолдо коопсуз жүрүү шарттарын түзүү маселелери ортого салынып, жетекчилик тарабынан бир катар тапшырмалар берилди.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.