12 март 2025
Кароолор: 55
НАРЫНДЫ ОРГАНИКАЛЫК АЙМАККА ӨТКӨРҮҮ КАРАЛДЫ

Кыргыз Республикасынын 2025-2029-жылдарга органикалык өндүрүштү өнүктүрүү программасына ылайык калкты экологиялык таза айыл чарба продукциялары менен камсыз кылууда пилоттук долбоор катары Ысык-Көл жана Нарын облустарын өткөрүү каралган.
Программагы ишке ашыруу механизмдерин талкуулоо максатында КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин жетекчиси Муктар Чыналиев 2025-жылдын 11-мартында Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын райондорунан жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, айылдык кеңештин төрагалары менен жолукту.
Анын айтымында аталган программаны талкуулоо алгач Нарын облусунан башталып жатат. Департамент тарабынан органикалык таза азыкты өндүрүү, ички жана сырткы рынокко чыккыдай 2 түрдөгү сертификациядан өтүүнү үйрөтүү, өндүрүлгөн продукцияны сатуу ж.б. маалыматтарды ар бир фермерге жеткирүү иштери жүргүзүлөт.
Ал эми КР Президентинин Нарын облусундаг ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров Нарын облусундагы органикалык таза продукцияны алуу үчүн жылдан жылга талаптар катуу коюлуп жатканын жана малдын, өсүмдүктөрдүн саламаттыгы, кунарсыз жайыттарды жакшыртуу, ирригация, тоют топтоо, мөмө-жемиш кластерлери боюнча аткарылып жаткан иштерге токтолду. Жетекчинин маалыматы боюнча ирригация системасын жакшыртуу боюнча быйыл 2 чоң долбоор ишке ашат: Жумгал районундагы Түгөл-Сай, Кочкор районундагы Шамшы суу сактагычы. Ошондой эле, Нарын районундагы өзү агып чыгуучу Куланак каналынын куруу иштери бүткөрүлөт. Бул курулуштардын натыйжасында 8729 гектар аянтына суу берүү жакшырып, 5526 гектар жер өздөштүрүлөт.
Ал эми кластерлер боюнча “1 айыл-1 продукт” принциби менен айылдарда иш алып барылса дыйкандардын продукциясы өтүмдүү болорун белгиледи. Дыйкандар сандан сапатка өтүп, огороддоруна пайдалуу продукцияларды өстүрүү менен чон киреше таба алат. Мөмө-жемиш өндүрүү боюнча учурда карагат, чычырканак, малина айдоо колго алынууда. Бул багытка облустун аймагында Дүйнөлүк Банк тарабынан кайтарымдуу 7 млн АКШ доллары берүү мүмкүнчүлү бар. Облус бийлигинин тапшырмасына ылайык, ар бир районго 120 млн сомдон берүү пландалууда.
Андан соң жыйын суроо-жооп иретинде уланды.
Ушундай эле жыйын 12-мартта Жумгал, Кочкор районунун администрация башчылары, айыл өкмөттөрү, жергиликтүү кеңештердин төрагалары менен өткөрүлдү.