13 июнь 2025

Кароолор: 8

НАРЫНДЫК 5 ОКУУЧУ РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАКТА МЫКТЫ ДЕП ТАБЫЛДЫ

Бишкек шаарында «Мен өзүмдүн эмгек укугумду билем» аттуу республикалык дилбаян сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Бул иш-чарада Нарын облусунун 5 окуучусу мыкты деп табылып, Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан планшеттер жана ноутбуктар менен сыйланышты. Сыйлыктарды Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев тапшырды.

Сынак 9–11-класстын окуучуларынын арасында өткөрүлүп, балдардын эмгек укуктары боюнча ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталды. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан – Чүйдөн тартып Баткенге чейин – миңдеген өспүрүмдөр катышып, жалпысынан 2400дөн ашык дилбаян кабыл алынды.

Региондор боюнча мыкты окуучулардын саны төмөнкүдөй болду:

Нарын облусу - 5

Чүй облусу-3

Бишкек шаары - 2

Жалалабад облусу -2

Ысык-Көл облусу-2

Баткен облусу -2

Ош облусу -1

Талас облусу -1

Нарын облусунан мыкты деп табылган 5 окуучу:

1. Кочкор району И.Арабаев атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Изатова Саера - 1-орун;

2.Ак-Талаа району М.Базаркулов атындагы орто мектебинин окуучусу Камчыбекова Айым - 3-орун;

3. Нарын шаары Билимкана-Нарын Жумабекова Айжаркын - лауреат

4. Ак-Талаа району Ж.Сатылганов атындагы орто мектебинин окуучусу Сейитбек уулу Бактыбек - лауреат

5. Нарын шаары В.П.Чкалова мектебинин окуучусу Келдибекова Камила - лауреат

Салтанат учурунда Адылбек Касымалиев жаштайынан укуктук билимге ээ болуунун маанисине токтолуп, мындай билим келечекте чоң ийгиликтерге жетүүгө жол ачаарын баса белгиледи.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Катчылыгы, Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы жана Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзу менен биргеликте, Ф. Эберт фондунун колдоосу аркылуу уюштурулган.

Мыкты эмгектер атайын комиссия тарабынан тандалып алынып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Иш-чаранын соңунда катышуучуларга Президенттик Администрациянын жаңы имараты – “Ынтымак Ордо” боюнча экскурсия уюштурулду.

Белгилей кетсек, жыл сайын 12-июнь – Балдардын эмгегин пайдаланууга каршы эл аралык күн катары белгиленет.