19 июнь 2026
Кароолор: 13
НАРЫНДЫК “АЛТЫН СЕРТИФИКАТ” ЭЭЛЕРИ ЖАНА ЖОГОРКУ УПАЙ ТОПТОГОН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР СЫЙЛАНДЫ

19-июнь күнү ыйгарым укуктуу өкүл Жалпы республикалык тестирлөөдө “Алтын сертификатка” ээ болгон жана эң жогорку упай топтогон нарындык бүтүрүүчүлөрдү кабыл алды.
Жолугушууга окуучулар менен бирге алардын ата-энелери жана билим берген мугалимдери да катышты.
Облус башчысы бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, “Алтын сертификат” алган эки окуучуга өкүлчүлүктүн Ардак грамотасын, ал эми жогорку упай алган окуучуларга жана алардын ата-энелерине, мугалимдерине Ыраазычылык каттар тапшырылды. Мындан сырткары, демөөрчүлөр тарабынан ар бир бүтүрүүчүгө ноутбук белекке берилди.