31 июль 2025
Кароолор: 6
НАРЫНДЫК Н.НОГОЙБАЕВ КЕМБРИДЖ УНИВЕРСИТЕТИНЕ ОКУУГА ТАПШЫРДЫ

Бүгүн, 31-июлда ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары А.Иманалиева Нарын облусунун Ат-Башы айылынын тургуну Нурлан Ногойбаевди кабыл алып, Англиянын Кембридж университетине магистратурага тапшырганы менен куттуктады.
Айдана Иманалиева өлкөдө билимдүү, тажрыйбалуу кадрлар абдан керектигин баса белгилеп, окуу жайды аяктаган соң өз өлкөсүнө кайтып келип кызмат кылууга чакырды. Ошондой эле Нурландын аракети, билими кийинки жаштарга үлгү болуп жатканын баса белгилеп, окуусун ийгиликтүү аяктап келүүсүн каалады.
Белгилей кетсек, Н.Ногойбаев буга чейин Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинин компьютердик илим адистиги боюнча билим алып, кийин окуусун Франциянын Париж шаарындагы жогорку окуу жайларынын биринен уланткан. Акыркы эки жарым жылдан бери Париж шаарында авиация тармагында инженер болуп иштеп келген.