18 июнь 2025

Кароолор: 31

НАРЫНДЫК ОКУУЧУ ЭРМЕК САМАТОВ ХИМИЯ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА КОЛО МЕДАЛГА ЭЭ БОЛДУ

Кыргызстандын курамасы 2025-жылдын 28-майынан 6-июнуна чейин Өзбекстанда өткөн Абу Рейхан Беруний атындагы эл аралык химия олимпиадасынан (ARBIChO – Abu Reyhan Beruniy International Chemistry Olympiad) ийгиликтүү кайтты.

Олимпиадага дүйнөнүн 15тен ашуун өлкөсүнөн келген окуучулар катышты.

Кыргызстандын химия боюнча улуттук олимпиадасында тандалып алынган 6 окуучудан турган курама командасы эл аралык олимпиадада байгелерүү кайтып, 1 күмүш, 2 коло медаль алып келди:

Кахраманов Максатбек – күмүш медаль;

Жапаров Эржан – коло медаль;

Саматов Эрмек - коло медаль;

Коло медаль алган Эрмек Саматов Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 11-классынын окуучусу.

Ал буга чейин бир канча республикалык олимпиадаларда, эл аралык сынактарда алдыңкы орундарды жеңип келген. Учурда Бириккен Араб Эмираттарында боло турчу Дүйнөлүк олимпиадага даярданып жатат.