29 апрель 2025
Кароолор: 15
НАРЫНДЫК ЖАШ ОЙЛОП ТАБУУЧУЛАР ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМДА ЖЕҢҮҮЧҮ БОЛДУ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы тарабынан өткөрүлгөн “Биз XXI кылымдын Интеллектуалдарыбыз” Эл аралык форуму өттү.
Форумга Россия Федерациясынан, Казакстан, Өзбекстан кошуна мамлекеттерден бардыгы болуп 300дөн ашуун окуучулар, студенттер катышты. Иш-чара Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылындагы пансионаттардын биринде уюштурулду.
Форум 6 номинация боюнча өткөрүлдү:
- жаңы теориялык иштеп чыгуулар жана моделдер;
- приборлор, радио жабдуулар жана телекоммуникациялык системалар;
- энергия жана энергия сарамжалдоочу технологиялар;
- маалыматтык технологиялар жана программалоо;
- робототехника жана автоматташтырылган технологиялар;
- дубалга илинүүчү моделдер боюнча сынак.
Нарын облусунан барган 13 окуучуну жетектеп барган "Алтын Түйүн" улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын Нарын облустук филиалынын жетекчиси Рыскүл Турдалиеванын маалыматына ылайык, алдынкы орундарды камсыздоо менен Нарындан барган жаш ойлоп табуучулар Эл аралык форумда алдыга озуп чыкты.
Балдар төмөндөгүдөй номинацияларда байгелерге ээ болушту:
1. Жолдошбекова Айдеми - 1-орун, жаңы теориялык иштеп чыгуулар жана моделдер номинациясы боюнча “Асман шаары” модели менен катышты (Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын Нарын облустук филиалы)
2. Турдакунов Нурэл – 1-орун, приборлор, радио жабдуулар жана телекоммуникациялык системалары номинациясы боюнча “Hand text” эмгеги менен катышты (Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын Нарын облустук филиалы)
3. Карыбекова Аяна - 1-орун, маалыматтык технологиялар жана программалоо номинациясы боюнча “Сыйкырдуу дүйнө” мультфильми менен катышты (Ак-Талаа району, М.Баетов о.м.)
4.Абдиева Айбийке – 2-орун, энергия жана энергия сарамжалдоочу технологиялар номинациясы боюнча “Экодом графика” эмгеги менен катышты (Нарын шаары, №2 В.П.Чкалов о.м.)
5. Сабырбеков Нурдан – 3-орун, робототехника номинациясы боюнча “Автоматтык сугаруу” модели менен катышты (Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын Нарын облустук филиалы)
6. Мамытканова Нурайым – 3-орун, дубал газеталарын модели номинациясы боюнча “Учуучу тарелка” модели менен катышты (Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын Нарын облустук филиалы)
7. Абдысатаров Майрамбек – грамота, жаңы теориялык иштеп чыгуулар жана моделдер номинациясы боюнча “Табигый кырсыктарды алдын алуу” модели менен катышты (Ат-Башы БББ)
8. Асылбекова Мырзайым – грамота, дубал газеталардын модели номинациясы боюнча “Кыргызстандын автожолдору” макети менен катышты (Нарын району, А.Жутакеев о.м.)
Жобого ылайык форумга мектептен жана мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мекемелерден окуучулар катышат. Сынак балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша 2 топко бөлүнүп, жаштар курамына 14-18 жаштагылар,өспүрүмдөр курамына 10-13 жаштагылар кирет.