18 июнь 2026
Кароолор: 12
НАРЫНДЫН ФУТЗАЛ КОМАНДАСЫ ТАРЫХЫЙ ИЙГИЛИГИ ҮЧҮН СЫЙЛАНДЫ

18-июнь күнү Нарын шаарында футзал боюнча Суперлиганын финалдык беттеши өтүп, анда “ДС групп Нарын” командасы менен “Тайота” командасы күч сынашты. Жыйынтыгында нарындык команда өлкө чемпионатынын күмүш байгесин жеңип алып, Суперлигада экинчи орунду ээледи.
Финалдык оюнга ыйгарым укуктуу өкүл Нурбек Сатаров катышып, беттештен соң команданы Нарын шаарынын борбордук аянтында салтанаттуу түрдө сыйлоо аземине катышты.
Облус башчысы өз сөзүндө “ДС групп Нарын” командасы Нарын облусунун спорт тарыхында алгачкы жолу футзал боюнча Суперлиганын финалына чейин жетип, күмүш медалга ээ болуу менен аймактын спорт жаатында тарыхый барак ачканын белгиледи.
Салтанаттын жүрүшүндө команданын капитаны Улан Байгазы уулу Нарын облусунун спорт тармагына кошкон салымы үчүн “Нарын даңкы” медалы менен сыйланды. Ал эми команданын оюнчуларына Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамоталары тапшырылды.