23 январь 2024
Кароолор: 447
Нарынга 100 миңден ашык туристтер келип, киреше 5 эсеге көп болду

Туризм тармагында быйылкы жылы Нарын облусуна 100 миңден ашык туристтер келип, келген туристтердин саны өткөн жылга салыштырганда 3 эсеге, алардан түшкөн киреше 5 эсеге көп болду.
Тактап айтканда, 2022-жылы 34 446 турист келип, 9 млн сом киреше түшсө, 2023-жылы туристтердин саны 100 630га жетип, кирешеси 49 млн сомду түздү.