23 январь 2024
Кароолор: 299
Нарынга 2 миллиард сомдук чет элдик түз инвестиция тартылды

Нарын облусунун инвестиция тармагында 2023-жылы 22 млн 600 миң АКШ доллары же 2 миллиард сомдук түз инвестиция тартылып, өткөн жылга салыштырмалуу 168 эсеге көп болду.
Анын алкагында өнөр жай тармагында ички рыноктун керектөөлөрүн көмүр менен камсыз кылуу максатында Жумгал районунун «Акулак» участкасында кыргыз-кытай биргелешкен «Шанси Коал Инвестмент» ишканасы ачылып, кɵмүрдүн кубаттулугун байыттуучу фабриканын курулуш иштери жүрүүдө. Учурда компания тарабынан 2 млн 500 миң АКШ долларлык 30 (40 тонналык 25 самосвал, 5 эксковатор) даана техника алынып келинип, кызмат көрсөтүүдө.
Ошондой эле, “Солтон-Сары” алтын кенинин ишмердүүлүгүнө толук көзөмөл жүргүзүлүп Эмгекчил, Миң-Булак айылдарынын фонддоруна социалдык пакет катары жыл сайын 50 млн сомду түшүрүү менен айылдын инфраструктурасын жакшыртуу долбоору ишке ашырылууда.
Кочкор районунун Кочкор айылында бут кийим чыгаруучу фабрика ишке берилип, 40 адам жумуш орду менен камсыз болду. Күнүнө 1000ге чейин бут кийим түгөйлөрү чыгарылып, экспортко даярдалууда.
Ал эми долбоорлорду жана жергиликтүү жамааттардын демилгелерин ишке ашырууга 3 млрд 694 млн 923,6 миң сомдук жумуштар жасалды. Анын ичинен эл аралык уюмдардан 781 млн сом, ишкерлер, демөөрчүлөр тарабынан 2 мрлд 815 млн 718,8 миң сом, жергиликтүү фонддордон 70 млн 902 миң сомдук жумуштар болду.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.