11 июль 2025
Кароолор: 3
НАРЫНГА ДАГЫ БИР ИМАРАТТЫН “МЕЗГИЛ КУТУЧАСЫ” САЛЫНДЫ

Бүгүн, 11-июлда дубан башчысы Нурбек Сатаров Мамлекеттик Камсыздандыруу уюмунун Нарын филиалынын РТС аймагына жаңы курулуучу имаратынын “Мезгил кутучасын” салуу аземине катышты.
Маалым болгондой, аталган уюмдун облустагы филиалдарынын ичинен алгачкылардан болуп Нарын шаарында заманбап, хайтек үлгүсүндөгү эки кабаттуу жаңы имараттын курулушу башталганы турат.