22 февраль 2025
Кароолор: 16
НОТАРИУС ЖЕТИШПЕЙ ЖАТКАН РАЙОНДОРДО МҮМКҮНЧҮЛҮК ТҮЗҮЛДҮ

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан 2024-жылдын 26-февралындагы №38-н “Нотариалдык кызмат көрсөтүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” буйругунун негизинде, нотариус жетишпей жаткан райондордо нотариалдык иш жүргүзүүнү каалаган талапкерлерге локалдаштырылган лицензия алуу үчүн өтүү баллы 60ка чейин төмөндөтүлдү. Бул адаттагы сынактын баллынын 50% түзөт. Ал эми универсалдуу лицензия алуу үчүн, өтүү баллы 84 баллдан жогору болушу зарыл. Бул пайыздык өлчөмдө 70% түзөт.
Республиканын аймагындагы райондордун катарында Нарын облусунун Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунда жеке нотариустун ишмердүүлүгүнө муктаждык бар экенин эске алуу менен, талапка ылайык нотариалдык ишти жасоо укугуна универсалдуу жана локалдаштырылган лицензия алууга талапкерлерге мүмкүнчүлүк түзүлдү.
КР Юстиция министрлиги талапкерлердин кайрылуусун ыкчам убакытта карап чыгат.
КР “Нотариат жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, 25-75 жаш курактагы юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесип боюнча бир жылдан кем эмес иш стажы бар, нотариуста стажировка өткөн, квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырган, жеке нотариалдык ишти жасоо укугуна лицензиясы бар, ошондой эле КР Нотариалдык Палатасынын мүчөсү болуп саналган КР жараны жеке нотариус боло алат.