18 апрель 2026
Кароолор: 8
Н.САТАРОВ: “БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛ СПОРТТУК ИШ-ЧАРАЛАРГА БАЙ БОЛОТ

Мындай пикирин облус башчысы 18-апрелде Нарын шаарында өткөн “Bilim Run Naryn - 2026” аталышындагы билимди, ден-соолукту жана достукту даңазалаган массалык чуркоо жарышында билдирди.
Өз сөзүндө мындай спорттук жана коомдук иш-чаралар калкты сергек жашоого үндөп, жарандардын ден соолугун чыңдоодо маанилүү ролду ойной турганын айтты. Ошондой эле ал бул сыяктуу демилгелер аймактагы туризмди өнүктүрүүгө да олуттуу салым кошорун баса белгиледи. Алдыда 2-7-май күндөрү эл аралык “Вело тур” болсо, 20-22-май күндөрү Миң-Куш айылында республикалык күрөш жана кичи футбол мелдештери болорун кошумчалады.