06 май 2026
Кароолор: 7
Н.САТАРОВ: МАЙ АЙЫН ЭФФЕКТИВДҮҮ ПАЙДАЛАНЫП АЛЫҢЫЗДАР!

Ыйгарым укуктуу өкүл 6-май күнү орун басарлары, шаар мэри, район акимдери жана өкүлчүлүктүн тиешелүү кызматкерлери менен жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жазгы айдап-себүү иштеринин жүрүшү, калкты жеткиликтүү баада күйүүчү май менен камсыз кылуу, үрөн маселеси, көчүп-конуу, коруктардагы абал жана курулушу жүрүп жаткан объектилер боюнча маселелер каралды.
Ар бир жетекчиден маалымат угулуп, иштерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Жыйындын соңунда облус башчысы: “Негизи май айлары эс алуу мезгили болуп эсептелет. Бирок ушул убакытты эффективдүү пайдаланып, аймактарды кыдырып, көйгөйлөрдү жеринде көрүп, ыкчам чечимдерди кабыл алуу зарыл. Эл менен түз иш алып барууга өзгөчө көңүл буруңуздар”, - деп белгиледи.