14 апрель 2026
Кароолор: 11
Н.САТАРОВ: МИҢ-КУШТУ ТУРИЗМДИН МЕКЕНИ КЫЛУУ — БАШКЫ МАКСАТТАРЫМДЫН БИРИ

14-апрель күнү облус башчысы Жумгал районунун Миң-Куш айылына иш сапары менен барып, тургундар жана жергиликтүү туризм жаатындагы ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө аймакты өнүктүрүүнүн негизги багыттары талкууланып, өзгөчө Миң-Куш айылына баруучу жолду бүткөрүү маселесине басым жасалды. Мындан тышкары, аталган аймактын туристтик потенциалын жогорулатуу, аны туризмдин өнүккөн борборлорунун бирине айлантуу боюнча сунуш-пикирлер айтылды.
Ошондой эле өкүл Миң-Кушта май айында майрамдык иш-чаралар, спорттук мелдештер уюштурулаарын жана аны жыл сайын салттуу түрдө өткөрүп турарын айтты. Бул багытта тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалап, биргеликте иш алып баруу керектигин баса белгиледи.