01 август 2025
Кароолор: 7
Н.САТАРОВ: НАРЫНДА ТУРИЗМДИ БИР КАЛЫПКА САЛУУ МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ

Бүгүн, 1-августта Нарын облусунун башчысы Нурбек Сатаров облустагы туризм тармагында иш алып барган ишкерлер менен жолугушуп, бул тармактын учурдагы абалы жана келечеги боюнча талкуулоо үчүн жыйын өткөрдү.
Жолугушууда облус башчысы тарабынан туристтик кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында бир нече маанилүү маселелер көтөрүлүп, ишкерлердин да ойлору угулду.
Жыйындын соңунда тараптар аймактагы туризмди өнүктүрүү багытында тыгыз кызматташууга, бир концепция түзүүгө жана бул жаатта ирээттүү иш алып барууга макулдашышты.