05 май 2026
Кароолор: 8
Н.САТАРОВ: ВЕЛОТУР - НАРЫН ТУРИЗМИНИН ВИЗИТТИК КАРТАСЫ БОЛУП КАЛАТ

5- май күнү Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү менен "Хан тенгри" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан республикалык "Нарын 2026" үй- бүлөлүк велотуру болуп өттү. Ага өлкө боюнча жана чет өлкөлүк 200 жаран катышты.
Нарында биринчи жолу өтүп жаткан спорттук мелдеште катышуучулар 20 чакырым аралыкты велосипед менен басып өтүштү.
Иш чаранын максаты - үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, коомдогу ынтымакты чыңдоо жана жарандарды сергек жашоого үндөө менен Нарында туризмди өнүктүрүү болуп саналат.