29 апрель 2026
Кароолор: 9
Н.САТАРОВ: ЖАШ ДАРЫГЕРЛЕРГЕ МАМЛЕКЕТ ТАРАБЫНАН ДА, ОБЛУС БИЙЛИГИ ТАРАБЫНАН ДА КАМКОРДУКТАР КӨРҮЛӨТ

Мындай пикирин облус башчысы 29-апрель күнү ыйгарым укуктуу өкүлдүн кубогуна арналган саламаттык сактоо мекемелеринин арасында спорттук мелдештин байге тапшыруу аземинде билдирди.
Өз сөзүндө дубан башчысы Нарын облусунда жаш дарыгерлерди тартуу иштери ырааттуу жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Ошондой эле буга чейин жаш дарыгерлер менен жолугушуп, алардын сунуш-пикирлерин укканын айтты. Ал сунуштардын арасында дал ушул спорттук иш-чараны уюштуруу демилгеси да болгонун белгилеп, алдыда медицина кызматкерлери көтөргөн бардык маселелер жана сунуштар этап-этабы менен чечиле турганын айтты.
Мелдеш Нарын облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан уюштурулуп мырзалар арасында кичи футбол, айымдар арасында волейбол оюну боюнча болуп өттү.