01 июль 2025

Кароолор: 13

ОБЛУС БАШЧЫ АК-КЫЯ ЖОЛУНУН КУРУЛУШУН КӨЗӨМӨЛДӨДҮ

Бүгүн, 1-июлда Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Ак-Кыя участогундагы жол курулушу менен таанышты.

Нарын–Баетов жолунун 8–13-чакырым аралыгы октябрь айында бүткөрүлөт деп пландалууда. Учурда 12 техника, 25 жумушчу тартылган.

Асфальт-бетон даяр, бирок материал ташуудагы аралык (170 км) жумушту кечеңдетүүдө. Сары-Ой айылындагы дробилка жетишпей жатат.

Дубан башчы маселе боюнча сунуштарды даярдоону, ишти ыкчамдатууну тапшырды.

Ошондой эле узундугу 72 метрлик көпүрөнүн курулушу да көзөмөлдөндү.