26 февраль 2025

Кароолор: 17

ОБЛУС БАШЧЫ КООМДУК КАБЫЛДАМАДА ЖАРАНДАРДЫН КӨЙГӨЙҮН УКТУ

Бүгүн, 2025-жылдын 26-февралында, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов коомдук кабылдамада кезектеги кайрылган жарандарды кабыл алды.

Жолугушуу учурунда жарандар өздөрүнүн жеке көйгөйлөрү, талаш-тартыш жерлер боюнча, туризмди өнүктүрүү жана материалдык жардам алуу боюнча ар түрдүү суроолор менен кайрылышты.

А.Сарыбаев жана Б.Мамиев Нарын облусунда туризмди өнүктүрүү багытында долбоорлору жана сунуштары менен кайрылышты. Облус башчы демилгелерди колдоого алып, оор жүк ташуучу автоунаалар өтүүчү эстакадалык көпүрөнүн долбоору менен катар эле саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактарына дагы керектүү курулуш долбоорлорун сунуштаарын айтты.

Нарын шаарынын Р.Зоярка көчөсүнүн тургуну К.Жутабаева, Нарын районунун Оттук айылынын тургуну С.Курмакунова, Нарын шаарынын Самансур-Ата көчөсүнүн тургуну Г.Кыштообаева жеке маселе боюнча кайрылышты. Ал эми Нарын шаарынын Самансур-Ата көчөсүнүн тургундары Ж. Дыйканбаев, Н.Бакиров, Ф. Муканбетов жер маселесин чечип берүү боюнча, Нарын шаарынын С.Орозбак көчөсүнүн тургуну А.Токоев жашаган жеринин жанындагы участок туура эмес чийилген деп кайрылды. Аларга прокуратура жана кадастр мекемелеринин жетекчилери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле Р.Асаналиев, Р Момоков Чернобыль апаатын жоюуга катышкандардын 39 жылдыгына карата материалдык жардам сурап кайрылышкан болсо, Чек ара кызматынын ардагери К.Бокуев ардагерлер жашаган үйдүн чатырын оңдоо боюнча жардам сурап кайрылган.

АЭргешов ар бир кайрылууну кылдаттык менен угуп, бардык айтылган маселелер боюнча тийиштүү мекемелерге тапшырма берип, мыйзамдуулугуна жараша чечимдер кабыл алынарын билдирди.