21 август 2025
Кароолор: 16
ОБЛУС БАШЧЫСЫ АЙЫЛ ЧАРБАСЫН ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

Бүгүн, 21-августа ыйгарым укуктуу өкүл район жетекчилери, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчылары жана ветеринария кызматкерлери менен онлайн жыйын өткөрдү.
Жыйында негизинен күзгү оруп-жыйуу иштериндеги техникалардын абалы, жеткиликтүүлүгү, график менен иштөөсү, корук маселеси, жасалма уруктандыруу боюнча элге кенен маалымат берүү, айыл чарбасы боюнча арзандатылган насыяларды жөнгө салуу сыяктуу бир топ маселелер айтылып, ар бир район боюнча маалыматтар алынып, тапшырмалар берилди.