02 январь 2026

Кароолор: 20

ОБЛУС БАШЧЫСЫ АК-ТАЛАА РАЙОНУНА ИШ САПАРЫ МЕНЕН БАРДЫ

Бүгүн ыйгарым укуктуу өкүл Ак-Талаа районуна иш сапары менен барып, райондук төрөт үйүндө майрам күндөрү кызмат өтөп жаткан дарыгерлерден жана көз жарган энелерден кабар алды.

Иш сапардын алкагында медициналык кызматкерлердин эмгек шарттары, дары-дармектер, керектүү жабдуулар менен камсыздоо маселелери талкууланып, көйгөйлөрү жана сунуш-пикирлери угулду.

Маалыматка ылайык, 2-январга карата төрөт үйүндө эки ымыркай жарык дүйнөгө келген.