25 апрель 2025
Кароолор: 20
ОБЛУС БАШЧЫСЫ АК-ТАЛАА РАЙОНУНУН БАЕТОВ АЙЫЛЫНДАГЫ "АЗЫК" СОЦИАЛДЫК БОРБОРУНУН ИШИ МЕНЕН ТААНЫШЫП ЧЫКТЫ

2025-жылдын 24-апрелинде Нарын облусунун башчысы Алтынбек Эргешов жумушчу сапарынын алкагында Баетов айылындагы "Азык" социалдык борборунда болуп, борбордун иши жана шарттары менен таанышты.
Жарандык активист Айзат Эсенбек кызынын маалыматына ылайык, бул борбордо аутизм, акыл-эсинин өнүгүүсү кечеңдеген, ДЦП жана башка оорулар менен ооруган 6-15 жаштагы балдар тарбияланат. Учурда борборго 15 бала келип турат.
Социалдык борбор мурдагы мектептин имаратында жайгашкан. Бул имаратта өзгөчө балдар үчүн жайды түзүү боюнча акимчилик тарабынан 2017-жылы чечим кабыл алынган. Алгач 2 сааттык иш убактысы менен иш алып барылган, бир аз убакыттан кийин борбор жабылып калган. Бирок 2020-жылы Айзат Эсенбек кызынын жетекчилиги астында "Азык" коомдук фонду тарабынан социалдык борбордун иши кайра жанданып, кайрымдуу жарандардын жардамы менен иштеп жатат. Учурда социалдык борбордо эки кызматкер жергиликтүү демөөрчүлөр төлөп берген 5 миң сомдук айлыкка карабастан иштеп жатат.
Сапар учурунда облус башчысы мындай борборлордун маанилүүлүгүн белгилеп, балдардын өнүгүүсү үчүн жана алардын ата-энелерине бир аз болсо дагы башка чарбалык жумуштары үчүн бош убакыт таап берүүдөгү маанисин атап өттү. Алтынбек Эргешов борбордун кызматкерлерине, ошондой эле коомдук иштин колдоочуларына чоң ыраазычылык билдирди.
Облус башчысы мындай маанилүү маселелер менен ата-энелерден көп кайрылуулар келерин айтып, алардын өзгөчө балдары оорулар менен күрөшүп жатышканын жана көп учурда алар материалдык жардамга муктаж экенин белгилешет. Өзгөчө балдарды колдоо максатында мамлекет ай сайын жөлөк пул төлөп, андан тышкары алардын коомго аралашуусу жана ден соолугун чыңдоосу үчүн атайын программаларды иштеп чыгып, борбор калаада гана эмес алыскы аймактарга дагы реабилитациялык борборлорду түзүү боюнча иш аракеттер көрүлүп жатканын билдирди. “Жергиликтүү бийлик мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша жардам беребиз. Бирок бир жолку акчалай жардам менен, бардык маселени чечүү мүмкүн эмес. Бул маселени чечүү үчүн тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте комплекстүү иш алып баруу зарыл", — деди Алтынбек Эргешов.
Ошондой эле, облус башчысы борбордун кызматкерлери менен баарлашып, алар борбор толук камдуу иштеп кетүүсү үчүн штаттык бирдик чечип берүүгө көмөктөшүүнү сурашты. Кызматкерлердин айтымында, борбордун өзгөчө балдар менен иштөө үчүн үч жаңы штаттын түзүлүшү жана тиешелүү айлыктын дайындалышы зарыл. Алтынбек Эргешов мыйзам чегинде, бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, бул маселени чечүү үчүн тиешелүү мамлекеттик кызматтарга кайрыларын айтты.
Андан тышкары, облус башчысы балдарга билим берүү, күнүмдүк көндүмдөрдү үйрөтүүгө колдонуусу үчүн аталаган борборго телевизор тартууларын убада кылды.
Эске салсак, Нарын облусу боюнча 18 жашка чейинки ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 1813 бала катталган. Анын ичинен Ак-Талаа районунда 182 дмч балдар бар.