01 июль 2025

Кароолор: 9

ОБЛУС БАШЧЫСЫ АК-ТАЛААНЫН ЖОЛ КУРУЛУШУНУН ЖҮРҮШҮН ЖЕРИНДЕ КӨРДҮ

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Ак-Талаа районуна болгон иш сапарынын алкагында жол курулушунун жүрүшүн жеринде көрдү.

Нарын-Баетов жолунун 84-120 чакырым аралыгында курулуш кызуу жүрүп жатат.

84-115 аралыгында "Чайна рейлвей'' компаниясынын 30 техникасы жана 50гө жакын жумушчусу иштеп жатат. Дагы кошумча 20 жумушчу келет.

Мындан тышкары 115-120 км аралыгында Транспорт министрлигинин #1 жол курулуш башкармалыгы иш жүргүзүүдө. Район бийлиги тийиштүү маселелерин чечип берип жатканын билдиришти.

Бул жол аралыгы быйыл күздө бүткөрүлөт.