02 июнь 2026
Кароолор: 12
ОБЛУС БАШЧЫСЫ АКТАЛААЛЫК ЖАШТЫН КЫЯЛЫН КОЛДООГО АЛЫП, АГА ЖАРДАМ КӨРСӨТТҮ

Ыйгарым укуктуу өкүл бүгүн Ак-Талаа районунун жаш тургуну Сыймык Эсенгуловду жеке кабыл алды.
Жолугушууда облус башчысы жаштардын билим алуусуна өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, Сыймыкты окуусун ийгиликтүү аяктап, алдыга койгон максаттарына жетүүгө үндөдү.
Ага билим алуусуна колдоо көрсөтүү максатында акчалай жардам, планшет жана окуу куралдарын тапшырды.
С. Эсенгулов учурда Ак-Талаа районундагы кесиптик лицейде билим алып, окуусун аяктоо алдында турат.
Белгилей кетсек, ал облус башчысы Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушуу учурунда сөз сүйлөп, келечекте өзү дагы облус башчысы болуп иштегиси келерин билдирген. Ошондой эле буга чейин жазган каты жоопсуз калганын айткан.