17 июнь 2025
Кароолор: 14
ОБЛУС БАШЧЫСЫ АЛТЫНБЕК ЭРГЕШОВ АТ-БАШЫ РАЙОНУНУН ЭЛИ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Бүгүн, 2025-жылдын 17-июнунда, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовдун кезектеги эл менен жолугушуусу Ат-Башы районунда өттү.
Жыйында алгач облус башчысынын орун басары Шабдан Абдырайым уулу акыркы жылдары облуста аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Жолугушууга облустук мекеме жетекчилери дагы катышып, облус башчысына айтылган көйгөйлөр боюнча жооптор берилсе, айрым маселелер боюнча жеринде тапшырмалар берилди.
Жыйында райондогу айрым абалы начар бала бала бакча, мектеп имараттарын жаңыртуу, таза суу чыгаруу, сугат суу менен камсыздоо, райондун генпланын дыкааттык менен иштеп чыгуу , ички жолдордун абалы, спорт комплексин куруу, көп кабаттуу үйлөрдү куруу, туризмди өнүктүрүү, техникалардын жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөр көтөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө Алтынбек Эргешов бардык тармактарда алгылыктуу иштер жасалып жатканын белгилеп, башка райондорго караганда Ат-Башыда долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эң көп аракеттер көрүлгөнүн, ошондой эле райондогу айтылган көйгөйлөрдү жоюуда дагы тынымсыз аракеттер керектигин айтып, жетекчилерге тапшырмаларды берди.
Андан тышкары, айыл өкмөт башчыларын уктабай, жандуу иштөөгө чакырып, кызматтык унааларды катуу көзөмөлгө алууну тиешелүү органдарга тапшырды.