10 июль 2025

Кароолор: 4

ОБЛУС БАШЧЫСЫ ЭЛДИК КӨЗӨМӨЛДҮН МҮЧӨЛӨРҮНӨ ЖОЛУКТУ

Облус башчысы Нурбек Сатаров бүгүн, 10-июлда шаар ичиндеги жолдордун салынышына сарыэсеп салып жаткан элдик көзөмөлдүн мүчөлөрүнө жолукту.

Ыйгарым укуктуу өкүл Нурбек Сатаров жолду салуудагы долбоор менен тааныштырып, жасалып жаткан иштер боюнча айтып өттү.

Ж.Шералиев көчөсүнүн тургуну Дамир Бакиров менен шаардын тургуну Алмаз Бергеншаев дубан башчысына бир катар сунуштарды беришти.